
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Талас облусундагы иш сапары уланып, Талас шаарындагы А.Огонбаев атындагы музыкалык окуу жайында Өкмөт башчысы облустун активи жана жашоочулары менен жолугушту.
Ө.Бабанов Өкмөт 2011-жылдагы программалардын алкагындагы бир топ социалдык-экономикалык маселелерди чечип, мындан тышкары бюджеттин кирешеси көбөйүп, мамлекеттик чыгашалар оптималдаштырылгандыгын жана айыл чарба өндүрүүчүлөрдүн көйгөйлүү маселелери чечиле баштагандыгын белгиледи.
Өткөн жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу дыйкандар үчүн жеңилдетилген 9% (пайыздык) кредит берүүүчүн 1 млрд. сом бөлүнүп, жалпы республика боюнча 4700 дыйканга 565 млн. сом кредит берилди.
“Айыл-чарба өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген кредит берүү жөнүндө убада берген элем. Сөзүбүзгө туруп, ушул жылы кредит 7% пайыздан берилгени жатат. Бул максатта республикалык бюджеттен 1 млрд. сом бөлүнүп: 500 млн. сом өсүмдүктөрдү өстүрүүгө, 500млн. сом мал чарбачылыгын өстүрүүгө жумшалат. Өсүмдүк өстүрүүчүлөргө -1 жыл, мал чарбачылыгына - 2 жыл убакытка берилет. Мындан тышкары, микрокредит механизмдерин өнүктүрүү үчүн дагы 1 млрд. сом каражат бөлүү каралып жатат”, - деди Ө.Бабанов.
Премьер-министр Өкмөттүн “100 күндүк” иш-аракетинин планы иштелип чыкканына өзүнчө токтолуп, ал мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жоопкерчилигин арттыруу максатында жасалып жаткандыгын белгиледи.
“Аткаруу бийлигиндеги мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жетекчилеринин ишмердүүлүгүнө иштелип чыккан критерийлер менен баа берилет. Жергиликтүү органдардын элди жумуш орду менен камсыз кылуусу алардын ишмердүүлүктөрүн баалоонун базалык көрсөткүчтөрү болуп саналат. Жергиликтүү администрация жетекчилеринин ишин стимулдаштыруу максатында эң мыкты көрсөткүчү бар облуска – 5 млн. сом, эң жакшы районго – 4млн. сом, экинчи орунга – 3млн. сом, эң жакшы айыл округуна – 5 млн. сом, экинчи орунга – 4млн. сом, үчүнчү орунга – 2 млн. сом берилет”, - деди Ө.Бабанов.
Өкмөт башчысы Инвестициялык Фонд түзүлүп, ипотека жана лизинг программаларын ишке ашырууга жана Улуттук 40 долбоорду каржылоого багытталарын билдирди. 2012-жылдын бюджетинин жалпы кирешеси 78,8 млрд. сомду түзө турган болду.
“Региондорду өнүктүрүү жана жергиликтүү бийлик органдарын бекемдөө Өкмөттүн артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Бардык ресурстарды борбордо топтоп, андан соң бөлүштүрүп келаткан абалды оңдоо керек. Буга байланыштуу долбоордо жергиликтүү бийлик органдарынын айрым салыктарды жергиликтүү бюджеттерге чегерүү нормативдерин кайрадан карап чыгуу боюнча сунуштар эске алынды. Мунун натыйжасында жергиликтүү бюджеттин кирешеси 1 млрд. сомго көбөйөт. Жергиликтүү бюджетке милдеттүү патенттен түшкөн салыктар 100 пайыз калат. Республикалык маанидеги шаарларда 50 пайызы калат, райондук маанидеги шаарларда 40 пайызы калат, айыл өкмөттөргө мурун салыктын бул түрүнөн эч нерсе каралбаса, эми жалпы түшкөн каражаттын 10 пайызы калат”, - деди Ө.Бабанов.
Премьер-министр мамлекеттик башкаруу менен мамлекеттик аппараттын чыгашаларын реформалоо боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн санын 20 миңден 350гө чейин кыскарарын белгиледи. Коопсуздукту коргоо маселесине өзгөчө көңүл бөлүнөт. Бул тармак экономикалык кылмышты изилдөө боюнча жалгыз гана орган болуп, жалпы оперативдик кызматкерлердин саны 200дөн ашпай турган болот. Бул блокто негизги багыт болуп мамлекеттик кызматкерлердин санын 20 пайызга кыскартуу эсептелет.
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов социалдык чөйрөнү өзгөчө билим берүү менен саламаттыкты сактоо тармагын реформалоого токтолду.
Өкмөттүн программаларын, ошондой эле Өкмөттүн иш-планын аткарууда, жергиликтүү бийлик органдардын маанисин белгилөө менен Жаңы Баш мыйзамга ылайык, райондук администрация башчыларын дайындоо жаңы тартипте жүргүзүлө тургандыгын айтты.
Өкмөт башчысы Манас районундагы дыйкандар өндүрүп чыккан айыл-чарба азык-түлүктөрүн сатуу үчүн чегара аймагына базар ачуу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле катышуучулардын көңүлүн Жерүй алтын кенинин ишин жандандырып, Андаш алтын кенине инвестиция алып келүү маселесине бурду.
Катышуучулар Премьер-министрдин бул сунушун колдоого алышты.
Жолугушуунун учурунда чыгып сүйлөгөн облустун жашоочулары өткөзүлүп жаткан реформаларды колдоого аларын билдиришти. Ошону менен бирге жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, жергиликтүү бийлик, электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу боюнча өз сунуштарын айтышты.
Суроолорго жооп берип жатып, Өкмөт башчысы кыскартылган кызматтык автооунаалардын бир бөлүгү айыл өкмөттөрүнүн баланстарына берилерин айтты.
Медициналык кызматкерлердин жетишсиздигине байланышкан маселеге токтолуп, Ө.Бабанов жергиликтүү бийлик органдарына жаш медицина кызматкерлерин ишке тартуу үчүн каражат издеп табуунун зарылдыгын белгиледи.
“Өкмөт өлкөдө кардиналдуу реформалардын өтөөсүнө чыгуу үчүн чечкиндүү киришип жатат. Биздин жарандардын турмушун жакшыртуу үчүн колубуздан келген бардык аракетибизди жасайбыз”, - деп баса белгиледи Прмеьер-министр Ө.Бабанов.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү