28
Январь
2012
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Талас облусуна болгон иш сапарынын жыйынтыгында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен болгон маегинде билдирди.
Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Өкмөт башчысы элдин түп-тамырынан берки өзгөрүүлөрдү күтүп жатканын билдирди.
“Мен бүгүнкү жолугушууга келген элге өлкөдө болуп жаткан окуяларга кайдыгер эмес экендиги, бакубаттуулукка жетүү үчүн салым кошууга дилгир экендиги үчүн ыраазымын. Элдин колдоосу бизди алдыдагы милдеттерди аткарууга шык-дем болуп берет. Жолугушууга келген элдин көптүгүнөн Талас шаарындагы музыкалык мектептин залына батпай, жолугушууну короодо өткөрүүгө туура келди. Элдин жакшы турмушка болгон үмүтүн актоо үчүн колубуздан келген бардык аракетибизди жумшайбыз”, - деди Премьер-министр.
Баткен губернаторун колдогон бүгүнкү митингге кайрылып, Өкмөт башчысы бул маселе Бишкек шаарына келгенден кийин чечиле тургандыгын айтты.
“Жергиликтүү бийлик жетекчилеринин ишмердүүлүгү алар аткарган жумуштарынын жыйынтыгы боюнча бааланат. Кимде-ким өз жумушун начар аткарып жаткан болсо – ал кызматтан кетиши керек. Көйгөйлөр митингдер жана акциялар аркылуу чечилбейт. Эгер мындай практика улана берсе, Кыргызстан митингдердин туткунунда калат”, - деди Ө.Бабанов.
Пенитенцардык системадагы абалга кайрылып, Премьер-министр Өмүрбек Бабанов чечимдер мыйзамдуулуктун алкагында гана кабыл алынышы керектигин белгиледи.
«Бул системада кырдаалды стабилдештирүү үчүн бир катар чаралар көрүлүп жатат. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин жаңы орун басарлары дайындалды. Камактагылардын талаптары мыйзамдын талаптарына каршы келбеши керек. ЖАМК жетекчиси Шейшенбек Байзаков өзүнүн милдеттерин аткаруу менен аталган системада тартип орнотуп жаткандыгы үчүн кайрадан кызматына дайындалды”, - деди Ө.Бабанов.
Спортту өнүктүрүүгө тийиштүү суроого жооп берип жатып, Премьер-министр спорт жайларын куруу иши улана бере утрганыдгын белгиледи.
“Бизде кайсы жерлерде спортзалдарды куруу керектиги тууралуу атайын иштелип чыккан карта бар. Спорт жана жашоонун сергек мүнөзү улуттун ден- соолугун жана генофондун сактоодо негизги ролду ойнойт. Ошондуктан, бул багыт Өкмөт үчүн артыкчылыктуу болуп саналат ”, - деди Ө. Бабанов.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү