10

Август

2012

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Ысык-Көлгө болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Көл районуна караштуу Кара-Ой айылында муниципалдык балдар бакчасынын пайдубалына капсула салуу аземине катышты. Кара-Ой айылдык аймагынын башчысы Данияр Иманалиевдин айтымында, айылда балдар бакчасынын жоктугу көйгөйлүү маселелердин бири болуп саналат. Курула турган балдар бакчасы 100 орунга эсептелинген. Анын сметалык баасы 22 млн. 277 миң сом. Жергиликтүү элдин курулушка болгон салымы сметалык баанын 3,75 пайызын түзөт же болбосо 857 миң сом. Ошондой эле Д.Иманалиев айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана жергиликтүү калктын орчундуу маселелерине токтолду. Айыл чарба техникасына болгон лизингдердин пайызын кыскартуу, жаңы 1 миң гектар айдоо жерин өздөштүрүү үчүн сугат суусу менен камсыздоо максатында күнүмдүк үзгүлтүксүз бассейнинин курууга керектелген 28 млн. сом каражатын чечүү жана башка маселелер туурасында сөз болду. Премьер-министр тийиштүү долбоорлорду иштеп чыгып, аларды Улуттук изилдөө стратегиялык институтуна берүү керектигин айтты. Кара-Ой айылынан соң Өкмөт башчысы “Беспалов” жана “Севергин” чарбалары эккен буудай талааларында болду. Жакында эле жааган мөндүрдөн жабыркаган фермерлер Премьер-министрден салык төлөмдөрүн төлөөдө жеңилдиктерди берүүсүн суранышты. Ө.Бабанов аларга Өкмөт тарабынан жардам берилээрин убада кылды. Премьер-министр Калинин атындагы кооперативде дан сактагыч сарайды көрүп, ал жерде фермерлер менен жолугушуу өткөрдү жана алардын көйгөйлөрүн талкуулады. Эл тарабынан Семеновка айылдык аймагына күнүмдүк үзгүлтүксүз бассейнин куруу маселеси көтөрүлдү. Премьер-министр тийиштүү долбоорлорду иштеп чыгып, Улуттук изилдөө стратегиялык институтуна берүү керектигин белгиледи. Ө.Бабанов андан соң аталган айылдык аймактагы Кожояр айылында ден-соолук чыңдоочу спорттук комплексинин пайдубалына капсула салуу аземине катышты. Бул комплекстин сметалык баасы 3 млн. 800 миң сомду түзөт, аны ушул жылдын аягына чейин куруп бүтүү пландалууда. Айылдын эли менен болгон жолугушуу учурунда аксакалдар Өкмөттүн элдин жашоо-шартын жакшыртууга болгон аракеттери, жүргүзүп жаткан реформалары көзгө көрүнүп жаткандыгын айтышып, айрым Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан көтөрүлүп жаткан Өкмөттүн отставкасы тууралуу демилгени түшүнбөй жаткандыктарын айтышты. Ө.Бабанов Өкмөт тарабынан бир катар алгылыктуу иштер аткарылгандыгы парламентке бериле турган отчетто айтыла тургандыгын белгиледи.  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын  Маалыматтык саясат бөлүмү