21

Март

2012

Бүгүн, 20-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов чет өлкөдө жашап, иштеп жаткан Нурланбек Надырбаев жана Богдан Тагаев аттуу жаш мекендештерин кабыл алды. Алар Өкмөт башчысына кат менен кайрылып, анда чет өлкөдө жашап-иштеп жатышкандыгын, бирок, Мекенине кайтып келип, Кыргызстандын өнүгүүсүнө өз салымдарын кошууну каалашкандыгын билдиришкен. 35 жаштагы Н.Надырбаев учурда Орусиядагы ири камсыз кылуу компанияларынын биринде башкы директордун орун басары болуп иштейт. Москвадагы Мамлекеттик Башкаруу Университетинде окуп, “Социалдык тармактагы башкаруу” адистигине ээ болгон. Англис тилинде эркин сүйлөйт. 36 жаштагы Б.Тагаев Анлиядагы ири компаниялардын биринде вице-президент болуп иштейт. Борбордук Азиядагы Америка Университетин бүтүргөн. Кесиби боюнча “Уюмдун менеджери”. Англис тилинде эркин сүйлөйт. Н.Надырбаев жана  Б.Тагаев Премьер-министр Өмүрбек Бабановдун мамлекеттик кызматка жаш, перспективдүү, чет тилди билген кадрларды тартуу боюнча чакырыгына көңүл буруп, мамлекеттик кызматка келип иштөөгө даяр экендиктерин билдиришкен. Жолугушуу учурунда Н.Надырбаев Премьер-министр Ө.Бабановго ыраазычылык билдирди. “Чынын айтсам, кат Сизге жетет жана Сиз жеке жолугушууга чакырасыз деп күткөн эмесмин. Мамлекеттик кызматка жаш, тажрыйбалуу Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн кызмат кылам деген кадрларды Өкмөт башчы катары мамлекеттик кызматка тартып жаткандыгыңызды колдойм”, - деди ал. Б.Тагаев, Премьер-министрдин чет өлкөдө иштеп жаткан жаш кыргызстандыктарды мамлекеттик кызматка тартып жаткандыгын колдой тургандыгын айтты. “Сапаттуу билим алып, чет мамлекеттерде иштеп, жашап жүргөн, бирок, өз Мекенине кайтып келип, Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошкусу келген көп  кыргызстандыктарды билем. Алар сиздин чакырыгыңызга көңүл бурат деп ишенем. Сиз жаштарды мамлекеттик кызматка тартып, ачык кадрдык саясат жүргүзүп жатасыз”, - деди  Б.Тагаев. Жолугушуунун жыйынтыгында Өкмөт башчысы жаш кадрлардын тажрыйбасын, билимин эске алуу менен Н.Надырбаевге Каржы рыногуна көзөмөл жүргүзүү мамлекеттик кызматынын жетекчисинин биринчи орун басарынын кызматын сунуштады. Н.Надырбаев Кыргызстандын жарандыгын калыбына келтиргенге чейин аталган кызматтын жетекчисинин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп иштемекчи. Б.Тагаевге тышкы иштер министрлигинин орун басарынын кызматы сунуш кылынды. “Кыргызстанга кесипкөй, креативдүү ой жүгүртө алган, келечектүү жаш кадрлар керек. Өкмөттүн карамагындагы мамлекеттик органдардын жетекчилерине өздөрүнүн орун басарларына сөзсүз чет тилди билген жаштарды тартуу тапшырмасы коюлган.  Силер өзүңөрдүн тажрыйбаңарды жана билимиңерди өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн колдонууну каалагандыгыңар мени абдан кубандырат. Мен силерге ушул мүмкүнчүлүктү берүүгө даярмын”, - деп баса белгиледи Премьер-министр.

КР Өкмөтүнүн  Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү