29
Май
2012
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов 2012-жылдын 29-30-майында Ашхабадда (Түркмөнстан) өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Өкмөт Башчылар Кеңешинин отурумуна катышат.
Өкмөт башчысы КМШ Өкмөт Башчылар Кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы отурумдарына, жыйынтыктоочу документтерге кол коюу аземине катышып, ошондой эле КМШга мүчө өлкөлөрдүн расмий делегацияларынын жетекчилери менен жолугушуусу пландаштырылууда.
Кыргызстандын Премьер-министр Өмүрбек Бабанов жетектеген расмий делегациясы Ашхабадга бүгүн, 29-майда, түшкө чейин жөнөп кетмекчи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү