10

Январь

2012

  Бүгүн, 9-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Япониянын парламенттик вице-тышкы иштер министри  Каюдзуки Хамада мырза менен жолугушту. Премьер-министр кадырлуу конокко кайрылып, анын өлкөлөрдүн ортосундагы дипломатиялык байланыштын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгынын алдындагы бул иш сапары кыргыз-япон кызматташтыгын андан ары өнүктүрүүгө жагымдуу импульс бере тургандыгына үмүт артаарын билдирди.   «Япония Кыргызстандан жардамын аябай, дайыма колдоо көрсөтүп келет. Биз өз ара пайдалуу кызматташтыгыбызды активдештирип, мындан да жогорку деңгээлге көтөрүшүбүз керек. Сиздин бул иш сапарыңызды Японияга болгон сапарымда жетишилген макулдашуулардын ишке ашырыла баштоосу катары баалагым келет”, - деди Ө.Бабанов.  Премьер-министр Кыргызстанда инвесторлор үчүн жакшы шарттар түзүлгөндүгүн белгиледи. «Кыргызстан табигый ресурстарга бай өлкө. Экономикабыздын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуунун үстүндө такай иш жүргүзүүдөбүз.  Биз япондук инвесторлорду кызыктыра ала турган бир катар инвестициялык долбоорлорду, анын ичинде – сейрек кездешүүчү металлдардын кенин иштетүүгө байланышкан долбоорлорду даярдаганбыз. Эгерде Япония бизге делегациясын жөнөтсө, кыргыз тарап бул долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулоого даяр”, - деди  Премьер-министр. Парламенттик вице-тышкы иштер министри Каюдзуки Хамада мырза Кыргызстанга былтыр Японияда болуп өткөн табият кырсыгынан кийин тез арада көмөк көрсөткөндүгүнө ыраазычылык билдирди. «Биз Борборазия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп көмөк жана колдоо көрсөткөн Кыргызстанга терең ыраазыбыз. Япония Кыргызстандын ийгиликтерине дайыма ортоктош болуп келет. Биздин кыйышпас досубуз болгон Кыргызстан бийликти тынч жол менен өткөрүп берип, президенттик шайлоону да ийгиликтүү өткөрүп алгандыгына кубанычтабыз. Япония мындан ары да ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр”, - деп баса белгиледи К.Хамада мырза.  Жолугушуу учурунда тараптар кызматташтыкты арттыруунун, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүнүн зарылдыгына токтолушту.