01

Февраль

2012

Бүгүн, 31-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов TeliaSonera компаниясынын президенти Нюрберг Ларс Гуннар жетектеген делегацияны кабыл алды. Жолугушуу учурда Нюрберг Ларс Гуннар Өкмөт башчысына компаниянын иштери тууралуу айтып берди жана Кыргызстандын экономикасына өзгөчө телекоммуникация тармагына инвестиция салууга кызыкдар экендигин айтты. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов  Кыргызстан өлкөнүн рыногуна киргиси келген инвесторлор менен иштешүүгө даяр экендигин айтты. “Кыргызстан инвесторлорду кабыл алууга даяр. Бизде инвестиция үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. Өкмөт тендерлердин ачык-айкын жүргүзүлүшүно кепилдик бере алат”, - деди Ө.Бабанов. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү