15
Май
2012
Бүгүн, 15-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Тышкы маселелер боюнча комитетинин төрагасы Волкан Бозкыр жетектеген делегациясы менен жолугушту.
Өкмөт башчысы Түркия тараптын өкүлдөрүнө Түркиянын Кыргызстандын тышкы карызын кечкендигине байланыштуу ыраазычылык билдирип, кыргыз тарап бул боюнча ички мамлекеттик процедураларды толугу менен аткаргандыгын билдирди.
Делегациянын жетекчиси Волкан Бозкыр ушул кезде аталган келишим каралып, тышкы мамилелерди жөнгө салуу комитети тарабынан Түркиянын парламентинин кезектеги жыйынынын күн тартибине киргизилип, ратификацияланаарын билдирди.
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов түрк тилдүү мамлекеттер аралык Саммиттин кеңешин өткөрүү Кыргызстан үчүн эң маанилүү кадам экендигин белгилеп, Экинчи Саммит ушул жылдын август айында өтөрүн жана Кыргызстан ага активдүү даярдык көрүп жаткандыгын айтты.
Делегациянын жетекчиси Волкан Бозкыр жылуу маанайда өткөн жолугушууга ыраазычылык билдирди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү