31
Март
2012
Бүгүн, 31-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабановдун чакыруусу менен Бишкекке афгандык кыргыздардын лидерлеринин бири Турду Акун келип, Өкмөт башчысынын кабыл алуусунда болду.
Жолугушуу учурунда Премьер-министр кыргыз Өкмөтү башка мамлекеттерде жашаган этникалык кыргыздардын тагдырына кайдыгер эмес экендигин айтты.
Турду Акун Өмүрбек Бабановдун жеке чакыруусу менен бул сапардын уюштурулушуна ыраазычылыгын билдирип, этникалык кыргыздар Премьер-министр Өмүрбек Бабанов жетектеген КР Өкмөтүнүн башка мамлекеттерде жашаган кыргыздарга камкордук көрүүгө болгон умтулуусуна ыраазы экендиктерин айтты.
Т.Акундун айтымында, афгандык кыргыздарды түйшөлткөн маселелердин орчундуулары - этникалык кыргыздардын билим алуусу, саламаттыгы жана Кыргызстанга көчүп келүү мүмкүнчүлүгү болуп саналат.
Маек учурунда Турду Акун ата-бабалары жашап өткөн Ош облусуна караштуу Чон-Алай районуна барып келүүнү эңсегенин билдирди. Өмүрбек Бабанов тиешелүү түзүмдөргө коноктун Чоң-Алай районуна барып келүүсүн уюштурууну жана бул сапардын жүрүшүн видео жана сүрөт материалдары менен камсыз кылууга тапшырма берди.
Ошондой эле Өмүрбек Бабанов Өкмөттүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө Турду Акунду зарыл болгон мамлекеттик органдардын жетекчилери, Жогорку Кенештин депутаттары жана башка кызыкдар болгон тараптар менен жолугушуусуна жардам берүүнү тапшырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү