11
Май
2012
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Кытайдын Кыргызстандагы Элчиси Ван Кайвень мырзаны кабыл алды
Бүгүн, 11-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ван Кайвень мырзаны кабыл алды. Жолугушууга Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын Башкы директору Жусупжан Жээнбеков да катышты.
Жолугушуу учурунда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Кытай Өкмөтүнө 2010-жылы болуп өткөн кайгылуу окуялардан кийинки көрсөткөн жардамына ыраазычылык билдирди.
«Кыргызстан үчүн кытай тараптын түштүк аймакта турак-жай куруу иштерине гранттык 5 млн.доллар өлчөмүндө көрсөткөн жардамы чоң мааниге ээ. Эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу байланыштарды өнүктүрүү боюнча чоң мүмкүнчүлүктөр бар, аларды кеңейтүү керек», - деди Ө. Бабанов.
Жолугушуу учурунда эки тараптын кызматташуу маселелерине көңүл бурулду, анын ичинде Кытай-Өзбекстан-Кыргызстан темир жолу, «Датка-Кемин», ШКУ ӨБК, КЭР Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Вэнь Цзябао мырзанын Кыргызстанга жасалуучу сапары жөнүндө сөз болду.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү