29
Апрель
2012
Бүгүн, 28-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов өзүнүн жеке чакыруусу менен келген Түрк мамлекетинин азык-түлүк, айыл-чарба министри Мехмет Мехди Экер жетектеген делегацияны кабыл алды.
Өз саламдашуусунда Премьер-министр Өмүрбек Бабанов кыргыз-түрк карым-катнашынын оң багытта өнүгүп жатканын белгилеп кетти.
“Кыргыз-Түрк мамилелери жогорку деңгээлде өнүгүп жатышы, бардык тараптан жигердүү кызматташууга кызыкчылыктардын жаралышы бизди кубандырат.Түркия – биздин ишенимдүү өнөктөшүбүз, көз карандысыз Кыргызстандын алгачкы жылдарынан баштап биздин өлкөгө колдоо көрсөтүп келатат. Биз Түрк инвесторлору менен иштешкенге кызыкдарбыз жана Кыргыз Өкмөтү инвестициялык негизди жакшыртууга болгон күч-аракетин жумшайт”, - деп билдирди Ө.Бабанов.
Түрк мамлекетинин азык-түлүк,айыл жана мал чарба министри Мехмет Мехди Экер кыргыз тараптын жылуу кабыл алганына ыраазычылыгын билдирип, Түркия Кыргызстан менен жигердүү кызматташууга дагы да кызыкдар экенин белгиледи.
“Түркия бир тууган Кыргыз жергесине колдоо көрсөтүүгө, жардам берүүгө, карым-катыш байланыштарын бекемдөөгө дайым даяр. Бизде кызматташууга зор мүмкүнчүлүктөр бар, маанилүү мыйзам базасынын негизинде өлкөлөр аралык соода-сатык мамилелерин мындан да көбөйтүү зарыл. Азыркы убакта Кыргызстанда 300дөн ашык түрк ишканалары кызмат кылат, жалпы эсеп менен 500 млн. долл. ашкан инвестиция тартылып келинген”, - деди ал.
Мехмет Мехди Экер мырза ошондой эле айыл чарба тармагы боюнча кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн иш жүзүнө ашыруу керек экенин белгилеп кетти. Анын сөзүнө караганда, делегациянын курамында ири ишкерлер да бар, алар Кыргызстандагы инвестициялык долбоолорлор менен таанышып, талкуулоо үчүн келишкенин айтып өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө конокторго бодо малдын тукумун жакшыртуу боюнча генетикалык борбор курулушу жөнүндө маалымат берилди.
Бул долбоор социалдык мүнөзгө ээ жана жергиликтүү фермерлерге бодо малдын тукумун жакшыртууга шарт түзмөкчү. Аталган долбоорду ишке ашырууга жергиликтүү, түркиялык жана германиялык ишкерлер катышат. Бул долбоорду ишке ашырууда 3 779 936 АКШ долл сарпталмакчы.Чүй обласынын Сокулук районуна караштуу Петровка айылында салынуучу имараттын жерпайына капсула салуу иши эртең, 29-апрелге, пландаштырылган.
Жолугушуу учурунда айыл чарба тармагы жаатында, мындан аркы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, чыңоо боюнча Түрк делегациясы менен пикир алышуу болду.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү