07
Апрель
2012
Бүгүн, 7-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов 2002-жылдагы Аксы окуяларында жана 2010-жылдын Апрель окуяларында Эл эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументтин ачылыш аземине катышты.
Ачылыш аземине 3000ден ашык адам, анын ичинде – Өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, дипломатиялык корпус, борбордук мекемелердин жана ведомстволордун жетекчилери, саясий партиялардын, жарандык сектордун өкүлдөрү чакырылган.
Азем учурунда КР Президенти Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков, КР Премьер-министри Өмүрбек Бабанов эстеликке гүлчамбар коюшту.
Аземдин катышуучулары Аксы жана Апрель окуяларында курман болгондорду бир мүнөттүк унчукпоо менен эскеришти.
Андан соң митинг-реквием өтүп, анын жүрүшүндө КР Президенти Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөдү. Ошондой эле Аксы жана Апрель окуяларынын катышуучуларына да сөз берилди.
Митинг-реквием аяктагандан кийин аземдин катышуучулары, коноктор жана шаардыктар Монументтин алдына гүл коюшту.
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов ошондой эле “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде өткөн 7-апрель окуяларында шейит кеткен баатырларга куран окутуу аземине да катышты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү