05

Апрель

2012

Бүгүн, 5-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов КР Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери үчүн курула турган көп кабаттуу үйдүн пайдубалына капсула салуу салтанаттуу аземине катышты. Иш-чарага ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ван Кайвэнь, Кытайдын Коргоо министрлигинин тышкы иштер канцеляриясынын башчысынын орун басары генерал-майор Цы Говей жетектеген делегация жана башка расмий өкүлдөр катышты. Өкмөт башчысы өз сөзүндө көп кабаттуу 108 батирлүү үйдүн курулушуна кытай тарап гранттык негизде 75 млн. юань бөлүп, бул каражат Кытайдын Элди боштондукка чыгаруу Армиясы тарабынан бериле тургандыгын айтты. “Бул кадам дагы бир жолу эки өлкөнүн тыгыз коңшулаш жана достук мамилелеринин бекемдигин далилдеп турат. Кытай Эл Республикасы - биздин өлкөнүн ишенимдүү өнөктөшү. 2010-жылы Кыргызстанда абал оор болуп, коомдук-саясий өзгөрүүлөр жүрүп жатканда Кытай биринчилерден болуп жигердүү жардам берген. Ушундай эле көмөктөр аскер тармагында да көрсөтүлүп жатат. 1999-жылдан 2012-жылга чейинки аралыкта Кытай тараптан аскерий техникалык жардам 11 млн. АКШ доллары эсебинде берилген”, - деди Премьер-министр. Ө.Бабанов эки тараптуу аскердик байланыштарда кадрларды даярдоо маселеси негизги багыттардын бири экендигин белгиледи. Эки өлкөнүн ортосунда аскердик кызматташтык орнотулгандан бери Кыргызстандын 100 чакты аскер кызматкерлери Кытайдын Коргоо министрлигинин базасында билим алышкан. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аскер кызматкерлеринин турмуш тиричилигине байланышкан маселелерин чечип берүү үчүн иш алып барууда. Бул курула турган үйлөрдө өлкөбүздүн жана балдарыбыздын тынчтыгын коргоп жаткандар жашайт”, - деп баса белгиледи Премьер-министр. Генерал-майор Цы Говей эки тараптуу алакаларды бекемдөө жана кеңейтүү өлкө башчыларынын бирдиктүү позициясы экендигин айтты. “Эки өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн байланыштарын күчөтүү эки тараптуу кызматташтыктын негизги бөлүгү болуп эсептелинет. Кыргызстандын Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлерине курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр кызматташуунун иш жүзүндөгү кадамдарынын бири болуп саналат. Бул үйлөрдү куруу Кыргызстанда жарыяланган үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылында курулуп жатканы бизди абдан кубандырат. Дипломатиялык кызматташтык орнотулгандан тартып эки өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн байланыштары туруктуу өнүгүп келе жатат”, - деди ал. Аземдин расмий бөлүгү бүткөн соң курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн пайдубалына капсула салуу жөрөлгөсү болуп өттү. Андан соң Өкмөт башчысы курула турган көп кабаттуу үйлөрдүн долбоору менен таанышты. Ошондой эле курулуш материалдары ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн сатып алынаары жана курулушка жергиликтүү  куруучулар да тартылаары маалымдалды. Кытай тарап курулуш иштерин 2013-жылдын август айына бүтүрүүнү пландаштырууда.

КР Өкмөт Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү