06

Март

2012

2012-жылдын 5-мартында Катарга болгон расмий иш сапарынын алкагында Премьер-министр Өмүрбек Бабанов кыргыз-катар бизнес өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөн бизнес-форумга катышты. Форумду ачып жатып, Премьер-министр Омурбек Бабанов Катардын Эмири жана Премьер-министри менен болгон жолугушуулардын жыйынтыктары туурасында кыскача  сөз кылды. Ө.Бабанов Кыргызстан менен Катардын Элчиликтерин ачуу эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө импульс болуп бере тургандыгынайтты. КР Өкмөтүнүн алдындагы УСИИ (НИСИ) жетекчиси Чыңгыз Шамшиев катар бизнесмендери үчүн Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү туурасында маалымат берип, анын ичинде айыл чарба продукциясын кайрадан иштетүү, телекоммуникация, тейлөө, аэропорттор, тоо-кен өндүрүшү сыяктуу жааттардагы инвестициялык долбоорлор бар экендигин белгиледи. Андан соң Геология жана минералдык ресурстар Мамлекеттик агенттигинин директору Учкун Ташбаев Кыргызстандын тоо-кен өндүрүшү тармагындагы мүмкүнчүлүктөрү туурасында маалымат берди. Бизнес-форумдун жүрүшүндө катышуучулар кенен пикир алышты. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов катар бизнесмендирин кызыктырган бардык суроолорго жооп берди жана КР Өкмөтү инвестициялардын корголушуна кепилдик бере тургандыгын айтты. Катар бизнесмендери бир катар жаатта кызматташууга жана Кыргызстандын экономикасына каражат салууга кызыкдарлыгын билдиришти.  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү