21
Июнь
2012
Бүгүн, 21-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Ак-Талаа районунун Жергетал айылдык аймагынын алыскы Чоң Кайың айылында “Ала-Тоо финанс” ММА микрокредит берүү процедурасына катышты.
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов район тургундарына “Ала-Тоо финанс” ММА жылына 7% үстөгү менен жеңилдетилген кредит алууга укук берген сертификатты тапшырды. Өкмөт башчысы жыйындын катышуучуларына кайрылып, Нарын облусуна аны менен кошо башка облус губернаторлору да келгенин маалымдады.
“Бул демилге облустар аралык мамилени чыңдоого багытталган. Аймактардын жетекчилери өз иш тажрыйбасы менен алмашып туруусу керек. Биргелешип иштөөнүн негизинде гана өлкөнү өнүктүрө алабыз. Мындай көрүнүштөр өлкөнү өнүктүрүү үчүн эң жакшы салтка айланаарына ишенем”, - деди Ө.Бабанов.
Премьер-министр Өкмөттүн жумушу боюнча кыскача маалымат берди. Экономиканы жана элдин жашоо турмушун жакшыртууга багытталган иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Өлкөнүн инвестициялык маанайын жакшыртуу үчүн экономикасы өнүккөн 44 мамлекет менен визалык режим жокко чыгарылды, экономикага инвестиция тартуу боюнча бир топ иштер жүргүзүлүп жатат.
Өкмөттүн демилгеси менен кыймылдуу мүлктү каттоодо жеңилдиктер каралды, автоунааны техникалык кароодон милдеттүү түрдө өткөрүү жоюлду. Жылына 7% үстөгү менен жеңилдетилген кредит берүү жолго коюлуп, үч багытты - айыл чарбасын, мал чарбачылыгын жана калктын социалдык жактан муктаждуу катмарын камтыды.
Премьер-министр Өкмөт айыл чарба техникасын лизингдин негизинде алуу жана ар бир райондо техникалык кызмат көрсөтүү станцияларын ачуу маселесинин үстүндө иштеп жатканын айтты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Өкмөт башчысы элдин суроолоруна жооп берди, андан кийин МТС техникасын көрүп чыкты.