28
Февраль
2012
Бүгүн, 28-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Европанын Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын Түркия, чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча Башкаруучу директору Оливье Декамп мырзаны кабыл алды.
Жолугушуу учурунда Өмүрбек Бабанов ЕРӨБке мамлекетибизге көрсөтүп жаткан жардамдары үчүн ыраазычылыгын билдирип, алардын көмөгү менен ишке кирген долбоорлор өзүнүн натыйжасын берип жаткандыгын белгиледи.
Өкмөттүн негизги ишмердүүлүгүнүн багыттарына кыскача токтолуп, Ө.Бабанов жаңы түзүлө турган Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы боюнча мыйзам долбоору Өкмөттүн жыйынында колдоого ээ болуп, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөөрүн айтты.
Ошондой эле март айында уставдык капиталы 100 млн. АКШ доллары болгон кыргыз-казак инвестициялык фондун түзүлөөрү пландаштырылып жаткандыгы айтылды.
О.Декамп мырза ЕРӨБ Кыргызстан менен болгон кызматташууну активдүү өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди. “Өткөн жылы ЕРӨБ Кыргызстанда 17 долбоорду реализациялоого 90 млн. АКШ долларын бөлүп берген. Биз Өкмөттүн “100 күндүк” программасы менен тааныштык жана андагы амбициялуу маселелердин ишке ашыруунун зарылдыгына маанилүүлүгүн түшүнөбүз. ЕРӨБ Кыргызстандагы башталган реформаларга жүрүшүнө ийгилик каалайт жана бул багытта колдоо көрсөтүүгө даяр. Биз толугу менен Өкмөттүн өлкөгө жагымдуу инвестициялык климат түзүүгө жана коррупция менен күрөшүүгө жасаган аракеттерин колдойбуз деп айтты ал.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү