18

Январь

2012

Бүгүн, 18-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Азия Өнүктүрүү банкынын Вице-президенти Сяоюй Чжаону кабыл алды. Жолугушуу учурунда Премьер-министр Өмүрбек Бабанов АӨБга Кыргызстандын экономикасынын маанилүү секторлорундагы долбоорлорду каржылоосу жана техникалык жактан колдоо көрсөтүүсү үчүн ыраазычылык билдирди. “Айыл жергесинде жашаган жарандарыбыздын ден-соолугун сактоого “Таза суу” сыяктуу долбоорлордун ишке ашырылышынын түздөн-түз тиешеси бар. Азыркы учурда биз айылдарды суу менен камсыздандырууну жакшыртуу боюнча “Таза суу” долбоорлорунун  бирдиктүү аткаруучусу кылып Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигин (АРИС) аныктадык”, – деди О.Бабанов. Кыргыз тараптын АӨБ менен Кыргызстандын Биргелешкен өнөктөштүк стратегиясын даярдоодо тыгыз кызматташууга даяр экендигин белгилеп, Ө.Бабанов аталган стратегияга чакан жана орто бизнестин маселелерин да киргизип, АӨБнын орто жана чакан энергетиканы,  инфраструктуралык долбоорлорду  өнүктүрүүгө колдоо көрсөтө тургандыгына үмүт артаарын билдирди. Өз кезегинде, С.Чжао мырза Өмүрбек Бабановду Премьер-министрлик кызматка  тандалышы менен куттуктап, Өкмөттүн экономикалык маселелер боюнча иш алпарган бир катар министрлери жана жетекчилери менен болгон жолугушуулар туурасында маалымат берди. «Бул жолугушуулардан кийин менде Өкмөттө абдан күчтүү экономикалык команда түзүлгөндөй таасир калды”, - деди ал жана АӨБ Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлорду каржылоону уланта тургандыгына, ошондой эле сунушталган долбоорлорду да карап чыгууга ниеттенип жаткандыгына ишендирип кетти. Ошондой эле С.Чжао мырза “Инвестициялык климатты жакшыртуу” программасы боюнча 20 млн.долларлык гранттык каражаттарды бөлүп берүү АӨБнын 2012-жылдагы программасына киргизилгендигин белгиледи. Жолугушуунун аягында Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Өкмөт экономика жаатындагы кардиналдуу реформаларга даяр экендигин билдирип, Кыргызстан менен АӨБнын ортосундагы кызматташтыктын мындан ары да жемиштүү болушуна үмүт артаарын билдирди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык саясат бөлүмү