07
Март
2012
Бүгүн, 6-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Катарга болгон расмий иш сапарынын алкагында "Катар холдинг" жана "Катар Дияр" компанияларынын жетекчилиги менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда Катардын бизнес-структураларынын өкүлдөрүнөн, расмий адамдарынан турган атайын топтун Кыргызстанга конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулоо үчүн келишине байланышкан маселелер талкууланды. Ошондой эле кызматташтыктын форматы аныкталып, биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгып, ишке ашырууга жооптуу конкреттүү адамдар бекитилди.
Компаниялардын офисинде болгон учурда кыргыз делегациясына бул компаниялардын азыркы тапта ишке ашырылып жаткан долбоорлору жана дүйнө жүзүнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү инвестициялык долбоорлору туурасында маалымат берилди.
Өз ара пайдалуу долбоорлор Кыргызстан менен Катардын ортосундагы мамилелердин бекемделиши үчүн эң мыкты негиз боло тургандыгы белгиленди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү