14

Март

2012

Бүгүн, 14-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов жыл башынан тартып республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө келип түшүүчү төлөмдөргө байланышкан маселелер боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев ушул жылдын январь-февраль айларында мамлекеттик бюджетке 5 330,1 млн.сомдук салык чогултулгандыгын, план 108,6% аткарылгандыгын маалымдады. Республикалык бюджетке чогултулган салык төлөмдөрүнүн көлөмү 4 215,9 млн.сомду түзүп, план 114,6% аткарылды. Мамлекеттик бюджетке түшкөн салыктык кирешелердин өсүү темпи (“Кумтөрдү” эсепке албаганда) 124,2% түздү. Жалпысынан алганда, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 912,6 млн.сомго көп чогултулду. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов 2012-жылдын январь айында республикалык бюджетке 1 745,4 млн.сомдук бажы төлөмдөру чогултулгандыгын, план 116,4% аткарылгандыгын маалымдады. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бажы төлөмдөрүнүн көлөмү 615,7 млн.сомго көбөйдү, өсүү темпи 154,5% түздү. 2012-жылдын февраль айына карата бажы төлөмдөрүнүн көлөмү план боюнча 1 700,0 млн.сом болсо, иш жүзүндө 1 981,3 млн.сомду түзгөн жана былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 687,3 млн.сомго көбөйгөн, өсүү темпи 153,1% түзгөн. Жалпысынан алганда, 2012-жылдын январь-февралында бажы төлөмдөрү бекитилген планга караганда 526,7 млн.сомго көбүрөөк чогултулган. Былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 1 303,0 млн.сомго көп чогултулган жана өсүү темпи 153,8% түзгөн. Социалдык фонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев 2012-жылдын январь-февралында 2 538,1 млн.сомдук камсыздандыруу акылары чогултулгандыгын маалымдады. План 123,8% аткарылган. Былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу алардын көлөмү 847,5 млн.сомго көбөйгөн. Январь-февраль айларындагы жалпы киреше 4 402,5 млн.сом болгон. Кеңешме учурунда күндөлүк иштерге байланышкан бир катар маселелер да каралды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү