30

Апрель

2012

Бүгүн, 30-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов өкмөттүк жыйын өткөрүп, анда республиканын селден жабыр тарткан аймактарынын жашоочуларына жардам берүү  маселеси каралды. КР Өзгөчө кырдаалдар  министри Кубатбек Боронов нөшөрлөп жааган жамгырдан улам республикабыздын Баткен, Ош, Жалал-Абад облусттарынын жана Ош шаарынын аймагында сел жүргөндүгүн билдирди. Алдын-ала берилген маалымат боюнча, Баткен облусунда 410 үйдү сел каптап, алардын 28и жараксыз деп табылды. Ош облусунда 3 үй жашоого жараксыз. Селден жабыр тарткан райондорго чатыр, жылуу кийим, балдар кийими жана башка негизинен 12 аталыштан турган жардам көрсөтүлдү. Учурда табигый кырсыктын кесепетин жоюу жана келтирилген материалдык жоготуунун көлөмүн аныктоо иштери жүргүзүлүүдө. Электр энергиясы менен камсыздоо калыбына келтирилди. Премьер-министр өзгөчө  кырдаалдын алдын алуу иштерин күчөтүүнү талап кылды. “Негизги басым өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюуга эмес, алдын алууга жасалууга тийиш. Жээктерди бекемдөө иштерин жандандырып, селден коргоочу каражаттар чыңдалып, ички арыктар менен каналдар тазаланууга тийиш. Алардын талапка жооп бербеген абалы табигый кырсыктын деңгээлине өз таасирин тийгизди. Ведомстволор аралык комиссия жаратылыш кырсыгынын алдын алуудагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын иш-аракеттерине баа берүүгө тийиш. Бул тыянактын негизинде алардын жеке жоопкерчилиги каралат”, - деди Ө.Бабанов. Жыйындын учурунда өзгөчө кырдаалдар учурундагы иш-аракеттерге байлашынкан маселелери талкууланды.  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү