17

Апрель

2012

Бүгүн, 17-апрелде, Премьер-министр Өмүрбек Бабанов өлкөнүн укук коргоо органдары менен  күч структураларынын жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө Баткен облусу аркылуу контрабандалык жол менен күйүүчү-майлоочу майлардын коңшу мамлекетке чыгарылып жаткандыгына байланышкан маселелер талкууланды. УКМКнын төрагасы Шамиль Атаханов Өкмөт башчысына талкууланып жаткан маселе боюнча көрүлүп жаткан  иш-чаралар  тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө бул багытта 22 кылмыш иши козголгон. Алар боюнча азыр тергөө иш-чаралары  жүрүп жатат. Ошондой эле тиешелүү Координациялык штабдын ишмердүүлүгүн күчөтүүгө багытталган чаралар көрүлүүдө. Шамиль Атаханов бул контрабанда менен күрөшүүнүн натыйжасын арттырууга таасир эте турган бир нече сунуштарды киргизди. Кеңешмени жыйынтыктап жатып, Премьер-министр  Ө.Бабанов Өкмөттүн “Республиканын аймагынан нефти продуктуларын алып чыгууга убактылуу тыюу салуу боюнча” токтомун так аткаруунун  зарылчылыгын белгиледи. Өкмөт башчысы ошондой эле күйүүчү майдын контрабандасына каршы Координациялык штабынын жетекчилигине жакында эле дайындалган ЖАМКнын төрагасы Аликбек Мамыркуловдун ордуна Баткен облусунун губернатору Жеңиш Разаковду бекитүү тапшырмасын берди. Ал эми укук коргоо органдары менен күч структураларынын өз ара аракеттенүүлөрүн жалпы координациялоону УКМКнын төрагасы Шамиль Атаханов жүргүзмөкчү болду. Аны менен катар Өкмөт башчысы тарабынан Мамлекеттик салык кызматына күйүүчү майлардын келүүсүнө жана таратылышына байланыштуу салык мыйзамынын сакталышын көзөмөлдөөнү  күчөтүү тапшырмасы берилди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү