31
Январь
2012
Бүгүн, 31-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабановдун жетекчилигинин алдында учурдагы бюджеттин аткарылышы боюнча ар жумада өтүп туруучу кеңешме болуп өттү.
Кеңешмени ачып жатып, Премьер-министр “2012-жылга карата республикалык бюджет жана 2013-2014-жылдардын болжолу жөнүндө долбоор жөнүндө” КР Өкмөтүнүн Токтомуна кол койгондугун белгиледи.
“Долбоор Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү. Ушуга байланыштуу жогорудагы документтин парламенттик комитеттердин кароосунан тез арада өткөрүүнү каржы министрине тапшырам”, - деди Ө.Бабанов.
Кеңешменин жүрүшүндө каржы министри А.Жапаров бюджеттин аткарылышы бюджеттин чыгаша бөлүгүн киреше бөлүгүнүн эсебинен гана жабуу принцибине ылайык жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи. Министрдин сөзү боюнча, бюджетти аткарууда эч кандай карыздар жок. Көрсөтүлгөн пландан ашкан каражаттар бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен гана пайдаланылмакчы.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматовдун маалыматы боюнча 2012-жылдын 30-январына карата республикалык бюджетке түшкөн бажылык төлөмдөрдүн суммасы 1 565,88 млн. сом болуп, болжолдонгон көрсөткүчтөн 65,8 млн. сомго ашыкча болгон.
КР Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Кабыл Абдалиевдин билдирүүсүндө ушул айдагы салык жыйымы алдын ала эсептөө боюнча 108% пайызды түздү.
КР Социалдык фондунун жетекчиси Мухамметкалый Абулгазиев ушул жылдын январь айындагы көрсөткүч 933,9 млн. сомду түзгөндүгүн, өткөн жылга салыштырмалуу 250 млн. сом ашыкча топтолгондугун белгиледи. Мындан тышкары, пенсиянын көлөмүн жашоо үчүн зарыл деңгээлге көтөрүү боюнча Социалдык фонд тарабынан эки варианттагы чечим иштелип чыгып, КР Өкмөтүнүн кароосуна сунушталаары белгиленди.
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов кеңешмени жыйынтыктап жатып, Социалдык фонд пенсиялык системаны аскер кызматкерлеринин, аларга теңдештирилген мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин, ошондой эле сот системасынын кызматкерлеринин пенсияга чыгуусунун шарттарын караган концепцияны сунуштоону тапшырды.
Ошондой эле Премьер-министр министрликтер менен ведомстволор аралык жана КР Өкмөтүнүн Аппаратынын ичиндеги макулдашуу процедураларынын тез жана ыкчам өтүшүн талап кылды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү