24

Май

2012

Бүгүн, 24-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов кеңешме өткөрүп, анда ички иштер органдарынын системасын реформалоо маселеси каралды. Кеңешмеге вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, КР ички иштер министри Зарылбек Рысалиев, КР УКМК төрагасы Шамиль Атаханов, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын бир катар кызматкерлери, шаардык милициянын жана жол коопсуздугун сактоо кызматынын жетекчилери катышты. Кеңешмеде ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин кыргыз делегациясынын Грузияда жүргүзүлгөн реформалар менен таанышуу максатындагы болгон иш сапары боюча маалыматы угулду. Министр Грузиядагы реформалардын негизги маңызы, тажрыйбасы жана анын биздин өлкөгө канчалык деңгээлде туура келе тургандыгы жөнүндө маалымат берди. Ички иштер органдарын реформалоонун Концепциясы каралып, ошондой эле МАИ системасын реформалоо жана деңгээлин жогорулатуу, жол коопсуздугун коргоо чаралары каралды. Отурумдун жыйынтыгында Премьер-министр Өмүрбек Бабанов реформаларды тездетүүгө багытталган бир катар тапшырмаларды берди. “Реформалар элдин жашоосун жакшыртууга багытталышы керек. Укук коргоо органдарын  реформалоону тездетип, иштелип чыккан долбоорлорду жүзөгө ашырууну тездетүү зарыл”, -деди Ө. Бабанов.