27

Март

2012

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы буйругун аткаруу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан республиканын алыскы райондоруна тоют жеткирүү боюнча 121 авторейс жасалды. Бул туурасында Өкмөт башчысына бүгүн, 27-мартта, өткөрүлгөн кеңешмеде маалымдалды. Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев бүгүнкү күндө Чаткал районуна 100 тонна чөп жана 10 тонна арпа, Чоң-Алай районуна 300 тонна чөп жана 150 тонна аралаш тоют жөнөтүлгөндүгүн маалымдады. КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-мартындагы буйругуна ылайык ушул жылдын 26-мартына карата республиканын түштүк региондоруна КР ӨКМинин жана КР Коргоо министрлигинин 22 автомашинасы 3948 таңгак чөп жана 30 тонна буудай менен жөнөтүлгөн. Бүгүнкү күнгө карата кошумча түрдө ӨКМдин 10 машинеси жана Коргоо министрлигинин 9 машинеси Чоң-Алай, Алай, Тогуз-Торо жана Чаткал райондоруна чөп ташып кетүү үчүн даяр турат. Ошондой эле КР Премьер-министри Өмүрбек Бабановдун тапшырмасын аткаруу максатында бүгүн каржы министрлигинен 1000 тонна аралаш тоют сатып алууга каражат бөлүнүп берилип, тоют муктаж болгон райондорго жеткирилип бере тургандыгы, ал эми жергиликтүү бийлик органдары тоютту элге бөлүштүрүп, сатуу боюнча иш-чараларды уюштура тургандыгы белгиленди. Өкмөт башчысынын кар калың түшүп, кыштын созулуп кетишинен жабыр тарткан райондордун жашоочуларына пенсия-жөлөк пулдарды эки ай алдын-ала берүү боюнча тапшырмасын аткруу максатында Социалдык фонд 116 млн. сомдук пенсияларды төлөп бергендиги айтылды. Ошондой эле дагы 70 млн.сомдук пенсиялар бүгүн-эртең таратылып бүтөт. Ушул эле күнү 63,5 млн.сомдук жөлөкпулдар каржыланып, эртеңден баштап бериле баштайт. Кеңешмени жыйынтыктап жатып, Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашевге жабыр тарткан райондордун калкына жардам көрсөтүү маселесин жеке көзөмөлүнө алуусун тапшырды. “Акыбал оор болуп жаткан райондордогу жарандарыбызга колубуздан келишинче жардам беришибиз керек. Түштүк облустарга бир жолу авторейс жасоо үчүн 60-80 миң сом жумшалат. Бул каражатты Өкмөт төлөп берет. Андан тышкары, 675 тонна унду начар турмушта жашаган үй-бүлөлөргө бекер таратып берүү жөнүндө буйрукка кол коюлат”, - деди Ө.Бабанов. Өкмөт башчысы өзгөчө кырдаалдар министрлигине, айыл чарба жана мелиорация министрлигине тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте республикадагы эпизоотикалык абалга такай көз салып турууну тапшырды. Премьер-министр ошондой эле жазгы талаа жумуштарына даярдыктын жүрүшүнө такай көзөмөл кылып туруунун зарылдыгын белгиледи.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык саясат бөлүмү