
Бүгүн, 31-январда, Премьер-министр Өмүрбек Бабановдун төрагалыгы алдында укук коргоо жана күч органдарынын жетекчилери менен жыйын өткөрүлдү.
Күн тартибине ылайык, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү мамлекеттик дирекциясы тарабынан Ош шаарындагы Жийделик көчөсүндө курулган эки 5 кабаттуу 120 квартиралуу үйлөрдү укук коргоо жана күч органдарынын кызматкерлерине бөлүштүрүү маселеси жана жаза өтүү жайларындагы кырдаал талкууланды.
Биринчи суроо боюнча Мамдирекциянын башкы директорунун орун басары Каданбай Бактыгулов сөз сүйлөп, 120 кызматтык квартиралар толугу менен бүтүп, бир гана үйлөрдүн астына асфальт төшөө жумуштары эле калгандыгын айтты. Жаз айында бул жумуштар бүткөрүлөт. Бул кызматтык квартиралар укук коргоо жана күч органдарынын кызматкерлерине бөлүштүрүлүп берилет.
Ал эми Мамлекеттик жаза өтөө кызматынын башчысынын орун басары Кубанычбек Кенешбаев учурда бул тармак стабилдешип калганын белгилеп, колдонулган чаралар өз жардамдарын тийгизгенин айтты.
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов мындан ары да бул тармакта дестабилдештүрүү учурлары болбош үчүн тийиштүү иш чараларды уланта берүүнү тапшырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү
[gallery link="file" order="DESC"]