07
Февраль
2012
Бүгүн, 6-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов республиканын укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө укук коргоо органдарынын 2011-жылдагы коррупцияга жана КММга байланыштуу контрабандага каршы күрөштүн жыйынтыгы менен 2012-жылга белгиленген милдеттер, ошондой эле өлкөнүн коомдук-саясий абалы тууралуу маселелер талкууланды.
Күн тартибине коюлган биринчи маселе боюнча УКМКнын төрагасы Шамил Атаханов, Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев, Каржы полициясынын төрагасы Бактыбек Ашыров отчеттук баяндама жасашты.
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов кылмыш иликтөө иштеринин сапатын көтөрүү зарылчылыгын белгиледи.
“Көпчүлүк убакта козголгон кылмыш ишинин жартысы гана сотко жетип, андан да азайтылган өлчөмүнө соттук чечим чыгат. Бул тергөө иш чараларынын сапатынын жетишсиздиги, далилдик базанын начардыгы жөнүндө айтып жатат. Ошондуктан ушул багыттагы ишти күчөтүү зарыл”, - деп белгилеп өттү Ө.Бабанов.
Премьер-министр КММдын контрабанда иштерине байланышкан маселелерге укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрүнүн аракеттерин айкалыштыруу боюнча штабдын ишмердүүлүгүн күчөтүүнү талап кылды.
“8-февралда штаб мүчөлөрү Баткен областындагы КММдын контрабанда ишине каршы натыйжалуу иш жасап келүү үчүн ишеничтүү аракеттер менен камсыз кылып келүүгө учуп баруулары зарыл. Бул маселе бир ай аралыгында күн тартибинен алынуу керек”, - деп талап кылды Ө.Бабанов.
Өкмөт башчы Ш.Атахановдон райондук акимдикке талапкерлер райондук кеңештин депутаттарынын добуштарын сатып алуу боюнча фактыларды ачып көрсөтүү керектигин айтты.
“ЖМКда жарыяланып жаткан район акимине талапкерлердин райондук кеңештин депутаттарынын добушун сатып алуу аракеттери тууралуу маалыматтарды кылдат текшерүү зарыл. Фактылар аныкталса, талапкер да, райкеңештин депутаты да бирдей жоопкерчиликке тартылуу керек”, - деди Ө.Бабанов.
Премьер-министр кумар оюндарына тийиштүү маселе жөнүндө мыйзамдын аткарылышы зарылдыгын белгилеп өттү.
“Мыйзам бардыгыбыз үчүн бирдей жана анын талаптарын аткарышыбыз керек. Республиканын аймагындагы бардык казинолор жабылууга тийиш. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы депутат Алтынбек Сулаймановдон керектүү маалымат алуу зарыл. Анын айтымында Өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү казино иштерин калыбына келтирүү үчүн 5 млн. доллар сыйлык алганы жаткан экен. Тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүшү керек”, - деп баса белгиледи Ө.Бабанов.
Премьер-министр ушул жылдын 20-мартына чейин Өкмөт Аппаратынын кароосуна Коррупцияга каршы саясат боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун иш-чаралар планынын долбоорун киргизүү тууралуу тапшырма берди. Мамлекеттик бажы кызматына минералдык жер семирткичтерди өлкөдөн тыш жакка алып чыгууга сезондук бажы төлөмүн киргизүү жөнүндөгү Өкмөттүн токтомун эки күндүк мөөнөттө иштеп чыгуу иши тапшырылды.
Кеңешменин жүрүшүндө өлкөнүн учурдагы коомдук-саясий акыбалы жөнүндөгү маселелер каралды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү