14

Февраль

2012

Бүгүн, 14-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Кеңешме учурунда КР Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Көлбай Мусаев укук коргоо органдарын реформалоо концепциясын презентациялады. Концепцяга ылайык, КР Өкмөтүнүн алдында автоматташтырылган Бирдиктүү улуттук маалымат банкы (БУМБ) түзүлөт. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн 18 млн.доллар керектелет жана бул каражат бюджеттен тышкаркы булактардан караштырылат. БУМБ коррупция жана паракорчулук менен күрөшүүнүн натыйжалуу куралы болуп калышы керек жана реформалоонун негизги максатына – элдин укук коргоо органдарына ишенимин жогорулатууга көмөкчү болушу керек. Талкуунун жыйынтыгында Премьер-министр Өмүрбек Бабанов бул Концепцияны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү иши да катар жүргүзүлүшү керектигин белгиледи. Өкмөт башчысы ички иштер министри Зарылбек Рысалиевге ушул жылдын 17-февралына чейин “Уюшкан кылмыштуулук жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоорун даярдап келүүнү тапшырды. “Биз уюшкан кылмыштуулукту жоюшубуз керек. Кылмыш топторунун бардык мүчөлөрү түрмөгө отурушу керек”, - деди Ө.Бабанов. Премьер-министр 2012-жылдын 4-мартында өтө турган жергиликтүү кеңешке шайлоо учурунда коомдук тартипти сактоо боюнча бардык чаралар көрүлүшү керектигин белгиледи. “Шайлоо ачык-айкын, демократиялык нукта өтүшү керек. Жергиликтүү бийлик органдары бул үчүн шарт түзүшү керек, бирок, шайлоо процессине кийлигишүүгө укугу жок”, - деди Ө.Бабанов.  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү