11
Май
2012
Бүгүн, 10-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча Атайын фондунун чыгымдарына көзөмөл кылуучу Байкоочу Кеңештин жыйынын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө Ош жана Жалал-Абад шаарларын кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү Мамлекеттик дирекциясынын 2011-жылы жасаган иштеринин отчету угулду. Анын ичинде 2012-жылы 924 батирден турган 19 көп кабаттуу үй курулуп бүтөөрү белгиленди. 2010-жылы 1815 убактылуу үйлөр курулган. 2011-2012-жылдары АӨБ каржылоосу менен аталган үйлөрдү 100 чарчы м. чоңойтуу жүргүзүлүп жатат. 79 жабыркаган үйгө ремонт иштери жүргүзүлөт. Жалпысынан алганда ушул жылдын эсеби менен 1627 жеке менчик үйлөр кайра калыбына келтирилет.
Мындан сырткары, 2010-2011-жылдары 30 мекеме курулуп бүттү, анын ичинде - 2 билим берүү мекемеси, 1 ден соолукту чындоо мекемеси, 15 маданият жана спорт мекемеси, 4 административдик имарат, 8 инженерлик инфраструктура мекемелери.
Мамлекеттик дирекциянын акчалай чарбалык чыгымдарын республикалык Эсеп палатасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыктары күн тартибиндеги экинчи маселеси катары каралды. Бул текшерүү Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин тапшырмасы менен жүргүзүлүп, 2011-жылдын 1-апрелинен баштап 2011-жылдын 31-декабрына чейинки убакытты камтыды. Текшерүүнүн алкагында көзгө басарлык финансылык тартип бузуулар табылган эмес, болгону күйүүчү майлар көбүрөөк сарпталган жана турак жайлардын аянты бастырманын эсебинен көбөйгөндүгү белгиленген.
Мамлекеттик дирекциянын Башкы директору Жусупжан Жээнбеков күйүүчү майлардын көбүрөөк сарпталышын 2011-жылы Мамлекеттик дирекция тарабынан Ош жана Жалал-Абад облустарынын алыскы райондорунда жүргүзүлгөн иштер кыска мөөнөттүн ичинде бүтүрүү үчүн бат-баттан чыгып турууга туура келгендиги менен түшүндүрдү. Айта кетчү нерсе – объектилер өз убагында пайдаланууга берилген.
Бастырманын эсебинен аянты чоңойтулган үйлөр боюнча берилген маалыматка караганда, нормага ылайык, бастырма турак жайдын баасына таасирин тийгизбейт. Курулган эки үйдүн баасынын негизсиз көбөйүшү курулган жайдын аянтын төмөндөтүү менен жөнгө салынды.
Жыйында Ош жана Жалал-Абад шаарларын кайра калыбына келтирүү Мамлекеттик дирекциясынын 2011-ж отчетун эске алуу чечими кабыл алынды. Мындан сырткары, 2012-жылы курулуучу жана ремонт иштерин жүргүзүлүүчү мекемелер такталды. Башкы басым ушул тапта курулуп жана калыбына келтирилип жаткан объектилердин курулушун бүтүрүүгө жасалат.
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Ош шаарынын генпланын иштеп чыгууда тарыхый жайларды сактап калууга көңүл буруу керектигин айтты. Мында Регионалдык өнүгүү, инвестиция жана курулуш агенттикгинин сунуштарын эске алуу зарыл.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү