26
Январь
2012
Күн тартибиндеги маселелер талкууланып бүткөн соң экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев Премьер-министрдин тапшырмасы менен министрлик Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыккандыгын маалымдады. Анын сөзүнө караганда, колдонуудагы Салык кодексине ылайык, эл аралык конкурстарда жеңишке жетишкен кыргызстандыктар утуп алган сумманын 10 пайызын бюджетке чегериши керек.
«Биздин жеңүүчүлөрүбүз, айталы Атай Өмүрзаков же Гүлжигит Калыков, башка көптөгөн кыргызстандыктар ушундай салыктарды төлөбөшү үчүн Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз”, - деди министр. Долбоорго ылайык, олимпиада жеңүүчүлөрү, маданият жана искусство жаатындагы эл аралык конкурстардын жеңүүчүлөрү, эл аралык илимий жана башка сыйлыктарды ээлери салык төлөөдөн бошотулат.
Бул демилгени отурумдун катышуучулары бир добуштан колдошту.
Андан соң Өкмөт башчысы отурумду жыйынтыктады.
«Бүгүн биз жыйында 2012-жылдын бюджетин бекиттик. Анда киреше бөлүгүн олуттуу көбөйтүү, таңкыстыкты жана чыгашаларды кескин кыскартуу, анын ичинде мамлекеттик башкаруу аппаратына кеткен чыгымдарды азайтуу каралган. Мындан тышкары Өкмөттүн 2012-жылдагы аракеттеринин Планы, кечиктирилбей чече турган маселелер боюнча иш- чаралардын “100 күндүк” программасы бекитилди”, - деди Ө.Бабанов.
«Убакыт абдан тар, каалгып, шашпай аракет жасаган бизге жарашпайт. Өкмөт койгон милдеттер убагында так аткарылышы керек. Бул сиздердин ишти баалоонун бир критерийи болуп калат. Өкмөттө бирдиктүү жана эриш- аркак иштей ала турган команда калыптанып калды. Жеке дымактар, партиялык кызыкчылыктар ушул имараттын тыш жаыгнда калууга тийиш.
Аз убакыттын ичинде биз ар бир жаран заман жакшы жагына өзгөрүп бара жатканын сезүүгө тийиш. Биздин жалпы жана бирдиктүү максатыбыз – биздин жарандардын бакубат турмушун жана татыктуу, коопсуз жашоосун камсыз кылуу. Ушуга байланыштуу биздин Өкмөттун жыйындарындагы жолугушууларыбыз туруктуу негизде, балким, жума сайын болуп турушу зарыл деп эсептейм. Сиздерди алдыдагы милдеттерди натыйжалуу аткарууга жана өз кызматкерлериңиздерде ыкчам жана бирдиктүү иштөө маанайын калыптандырууга чакырам”, - деп белгиледи Премьер-министр.
Андан соң Премьер-министр дүйнөдө жакшы практика бар экендигин жана ага ылайык, Өкмөт белгилүү бир стратегиялык милдетти аткаруу үчүн жылдык, айлык же кварталдык мөөнөттү белгилей тургандыгын айтты.
“Кыргызстанда мындай практика колдонулган эмес. Бирок аны киргизүү жетекчилерге жаңы дем берет деп ойлойм. Учурдагы шарттарда бул механизмди киргизүүнүн абдан негиздүү варианты болуп иштин башкы багыттарын кварталдык негизде жарыялоо эсептелет. Кварталдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Өкмөт аныкталган артыкчылыктардын алкагында аткарылган иштер жөнүндө отчет берет. Сунуш кылынып жаткан реформалар экономика жана бизнести өнүктүрүүнүн негизинде өткөрүлөөрүнө көңүлүңөрдү буруп койгум келет”, - деди Ө.Бабанов.
2012-жылга карата кварталдарга стратегиялык милдет катары төмөнкүлөрдү белгилөө сунушталды:
1-квартал. “Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкарууну реформалоону аяктоо жана мамлекеттик кызматчылардын санын кыскартуу”.
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча, ошондой эле тамак-аш жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик бирдиктүү 2 инспекцияны түзүү жана аларды натыйжалуу иштетүү негизги элементтин бири болуп калат.
2-квартал. “Адамдын жана коомдун коопсуздугу. Укук коргоо блогун реформалоону башталышы”
Өкмөт адамдын, жарандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылышы керек. Бул үчүн ИИМ “Коопсуз шаар” деген долбоорду ишке ашыра баштайт. Жарандардын арыздарын ИИМдин бардык түзүмдүк бөлүмдөрүндө кабыл алууну камсыз кылат. Ошондой эле жарандардын арыздарын эсепке алуунун электрондук системасын түзөт жана киргизет. Ар бир арыз мааниси боюнча каралып, тиешелүү чаралар көрүлүшү керек. “Менин милициям мени коргойт” деген ураан иш жүзүнө ашууга тийиш.
Укук коргоо блогун реформалоо темасын улантып, Премьер-министр ички иштер министринин көңүлүн жалпыга маалымдоо каражаттарында “Ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына оңдоолорду киргизүү абдан кызуу талкууланып жаткандыгына бурду. Анын алкагында милиция кызматкерлери жеке жана юридикалык жактардын жеке менчигине тоскоолдуксуз кирүү укугуна ээ болот.
“Албетте, уюшкан кылмышка каршы күрөш катуу жана келишпес маанайда өтүшү керек. Бирок, бул күрөш жарандардын жеке менчигин коргоого жана кол тийбестигине таасир бербеши зарыл. Адамдар эркин болуп, соттун жана прокуратуранын санкциясы жок эле милиция кызматкеринин кирип келүүсүнөн коркпой жашоосу керек”, - деп баса белгиледи Премьер-министр жана ички иштер министрине кандай учурларда бул норманы кармануу мүмкүн экендигин так жөнгө салууга көзөмөл кылууну тапшырды. Министр 10 күндүн ичинде тиешелүү сунушту даярдап, Өкмөттүн кароосуна киргизиши керек.
Үчүнчү жана төртүнчү квартал социалдык блокко - “Сапаттуу билим – татыктуу келечек. Билим берүү системасын реформалоого” арналмакчы. Жаңы окуу жылынан баштап окуу программасы жеңилдетилет. Бул окуучулардын ден-соолугун бекемдейт жана мектептеги окутуунун сапатын көтөрөт. Кыргыз тили, расмий тил жана англис тилдерин окутуунун сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл бөлүнөт. Быйылкы бюджетте тилдерди интерактивдик окутуунун программалары жана заманбап жабдууларды сатып алууга каражат каралган. Өкмөт системалык реформа катары, жеке билим берүүнү өнүктүрүү үчүн багытталган шарттарды түзүп берүү чараларын көрөт.
Өкмөт Саламаттыкты сактоо министрлигине март айына чейин саламаттыкты сактоо системасын реформалоонун комплекстүү программасын иштеп чыгуу, Жеке медицина рыногун жана камсыздандыруу кызматтарын өнүктүрүү үчүн мамлекеттик жөнгө салуу процедураларын жеңилдетүү, Саламаттыкты сактоо системасына инвестиция тартуу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк системасын киргизүү боюнча тапшырма берди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү