30
Март
2012
Бүгүн, 30-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Ысык-Көл облусуна иш сапарын улантты. Өкмөт башчысы бир күн мурун Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканада болуп, жаңы корпустук курулушунун планы жана ремонт иштеринин жүрүшү менен таанышкан.
Өкмөт башчысы оорукананын бейтаптарынын акыбалын сурап, баарлашып, тезирээк айыгып кетишин каалаган эле.
Бүгүн болсо Премьер-министр Каракол шаарындагы ичүүчү сууну тазалоо боюнча жаңы станциянын ачылышына катышты. Бул долбоор КР Өкмөтү менен Швейцариятарабынан каржыланып, ага 198 млн. сомдон ашык каражат сарпталган жана ал 100 миң адамды таза ичүүчү суу менен камсыздайт.
Объектинин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Өмүрбек Бабанов мындай долбоорлор Өкмөт менен чет элдик өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтыктын жакшы үлгүсү экендигин айтты.
Азем учурунда Премьер-министр аталган станцияны куруу боюнча долбоорду ишке ашырууга катышкан бир катар кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.
Ушул эле күнү Өмүрбек Бабанов Бишкекке кайтып келет.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү