15

Май

2012

КР Премьер-министри Өмүрбек Бабанов энелерге болгон сый –урмат салтын, үй-бүлөнү чыңдоо, “КР Энелер күнүн белгилөө” жөнүндөгү КР Президентинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги Жарлыгын жүзөгө ашыруу максатында майрамдык салтанат иш-чараларын өткөрүү планын бекитти. Планда төмөнкү иш-чаралар каралган: - Энелерди куттуктоо, облустарда, аймактарда, шаарларда, айылдарда КР Социалисттик Эмгектин Баатырларын, Баатыр энелерди куттуктоо; -“Туулган күнүң менен!” атту жалпы республикалык акция өткөрүп, ушул күнү төрөгөн энелерди куттуктоо; “Энелерге таазим” аттуу салтанаттуу акция өткөрүү; - Энелерге арналган түрдүү тематикалык көргөзмө, конкурс, адабият кечелерин, конференция, “тегерек үстөл” өткөрүү; - көп балалуу энелерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү, камкордук көрүү; - Энелерге арналган телекөрсөтүүлөрду уюштуруу; - окуу жайларда маалымат кампанияларын өткөрүү; -спроттук оюндарды өткөрүү ж.б.у.с.

КР Аппаратынын Өкмөтүнүн  маалыматтык саясат бөлүмү