24
Январь
Бүгүн, 24-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабановдун жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны өттү.
Премьер-министр жыйынды ачып жатып, болуп жаткан бардык экономикалык жана административдик реформалар жана Өкмөттүн негизги иш максаты өлкөнүн жарандарынын бакубаттуулугун көтөрүү үчүн багытталарын баса белгиледи.
“Тез чечимдерди талап кылган маселелер аз эмес. Өкмөт январь айы ичинде негизги чечүүчү маселерден болгон 2012-жылдын жазгы-талаа иштерине даярдык көрүү, мамлекеттик органдагы жетекчилердин ишине баа берүү критерийлерин аныктоо, 2012-жылдын бюджетинин долбоору жана 2013-2014-жылдарга болжолдоо, Өкмөттүн 2012-жылдагы иш планын жана Өкмөттүн 100 күндүк иш аракетинин планын иштеп чыкты. Кабыл алынган Өкмөттүк Программанын алкагында 2012-жылдын социалдык-экономикалык божомолу даярдалды”, - деди Ө.Бабанов.
Андан соң Өкмөт башчысы чогулгандарды күн тартиби менен тааныштырып, биринчи маселедеги “Фермерлерге жеткиликтүү кредит-2” долбоорун кароого өттү.
“Биз айыл-чарба өндүрүшчүлөрүнө 7% кредит берүү мүмкүнчүлүгүн айтканда, мунун ишке ашарына эч ким ишенген эмес. Бирок өткөн жылы жылдык 9% болгон кредит бере алдык. Бул жылы 7%дан берүүгө ниеттенип жатабыз. Бул максатта республикалык бюджеттен 1 млрд. сом бөлүнүп, 500 млн. сом өсүмдүктөрдү өстүрүүгө, 500млн. сом мал чарбачылыгын өстүрүүгө жумшалат. Кредит өсүмдүк өстүрүүчүлөргө 1 жыл, мал чарбачылыгына 2 жыл убакытка берилет”, - деп белгиледи Премьер-министр.
Премьер-министрден кийин “Фермерлерге жеткиликтүү кредит-2” долбоору боюнча каржы министри А.Жапаров чыгып сүйлөп, долбоордун негизги багыттары боюнча толук айтып берди. Министрдин сөзү боюнча, жылдыгы 7%ды түзгөн кредиттен өсүмдүк өстүрүү тармагындагылар 200 миң сом суммасына чейин, малчарбачылыгын өстүрүү тармагындагылар 300 миң сомго чейин ала алышат.
А.Жапаров жыйындын катышуучуларынын долбоорго болгон сын-пикирлерин жана сунуштарын угуп, суроолоруна жооп берди.
Күн тартибиндеги маселени жыйынтыктап жатып, Премьер-министр Өмүрбек Бабанов жаңы кирешелердин күтүлүп жаткандыгына байланыштуу ушул жылдын май айында бюджетке толуктоолорду киргизип, республикадагы айыл өкмөттөрүндө микрокредитти өнүктүрүү үчүн 1 млрд. сом өлчөмүндө кошумча каржат бөлүнөрүн билдирди. Ушуга байланыштуу бөлүнө турган каражаттын кайтарымдуулугун жана таратуу механизмин иштеп чыгууну каржы министрлиги менен экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине тапшырды.Талкуунун жыйынтыгында КР Өкмөтүнүн күн тартибине коюлган биринчи маселедеги долбоор кабыл алынды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү
[gallery link="file" order="DESC"]