07

Март

2012

Бүгүн, 6-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Катарга болгон расмий сапарынын алкагында “Хасат” ишканасынын жетекчилиги менен жолугушуп, Кыргызстандан айыл чарба продукциясын экспорттоо маселесин талкуулады. “Хасат” компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстандан айыл чарба продукциясын эскпорттоого кызыкдар экендигин билдиришти. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов бул компаниянын бюджети 1 млрд.доллар болгондуктан, айыл чарба продукцияларын экспорттоонун келечеги кең боло тургандыгына үмүр артаарын билдирди. Маек учурунда “Хасат” компаниясынан биргелешкен долбоорлорду конкреттүү талкуулоо максатында атайын топ келе тургандыгы туурасыда макулдашылды. Премьер-министр бул долбоорлорду Катардын Эмиринин ушул жылдын июль айына белгиленип жаткан иш сапарына чейин иштетип баштоону сунуштады. Ошондой эле Кыргызстанда үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын түзүүгө багытталган бир нече келечектүү долбоорлор боюнча пикир алышуу болду.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү