20
Апрель
2012
Бүгүн, 20-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Жалал-Абад шаарында ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн курулган 5 кабаттуу үйдүн квартираларынын ачкычын тапшырды.
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов куруучуларга үйдү тез арада куруп бүтүп бергендиктерине ыраазычылык билдирди.
"Бардыгыңыздарды жаңы конуштуу болушуңар менен куттуктайм. Бул квартираларда дайыма кубаныч, шаттык өкүм сүрүп турсун”, - деди Ө.Бабанов.
Азем учурунда Азиздер жана дүлөйлөр коомунун Президенти Калык Мамбетакунов Премьер-министрге бул үйдүн курулушуна каражат бөлүп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча Мамдирекциясынын Башкы директору Жусупжан Жээнбеков өз сөзүндө туруктуулукту камсыздоонун маанисин баса белгиледи.
"Мен бийликтин оппоненттерин конструктивдүү болууга, өлкөнү өнүктүрүү үчүн альтернативдүү идеяларды алып чыгууга, жеке мамиледен улам каршы пикирлерди жаратпоого чакырып кетким келет”, - деди Ж.Жээнбеков.
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов символикалуу тасманы кесип, жаңы квартираларга кирип көрдү.
Жаңы конуштуу болгондор курулушчудлардын сапаттуу ишине ыраазы болуп, Өкмөттүн мындай колдоосуна ырахмат айтышты. Алар менен болгон баарлашуу учурунда жашоочулар коомдук-саясий туруктуулуктун зарылдыгын белгилеп, азыркы Өкмөттүн реформалардын колдой тургандыктарын билдиришти.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү