22

Август

2012

2012-жылдын 22-августунда кечинде КР Премьер-министри Өмүрбек Бабанов “Манас” эл аралык аэропортунда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин саммитине (ТМКК) катышууга келген Түркиянын Президенти Абдуллах Гүлдү тосуп алды. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов мартабалуу конок менен жылуу маанайда учурашып, Президент А.Гүлгө Газиантеп шаарында жакында эле болуп өткөн терактка байланыштуу көңүл айтты. Андан соң Ө.Бабанов менен А.Гүл расмий делегацияларды кабыл алууга ылайыкташтырылган “Манас-2” терминалын карап чыгышты. Маектешүү учурунда Премьер-министр бул саммит ТМККга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты арттырууга жаңы импульс бере тургандыгына ишенимин билдирди. Тараптар Премьер-министр Өмүрбек Бабановдун Түркияга болгон иш сапарынын учурунда жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышынын жүрүшү туурасында да пикир алмашышты. Жолугушуу жылуу, достук маанайда өттү.  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү