20
Апрель
2012
Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов облустун активи, тиешелүу кызматтардын жетекчилери жана калкы менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда облустун губернатору Жеңиш Раззаков Өкмөт башчысына жазгы талаа жумуштарын аткаруу планы туурасында маалымат берди. Анын сөзүнө караганда, жаздын кеч келгендигине карабастан, жерди айдап-себүү иштери зарыл болгон өлчөмдө аткарылууда.
Сөз сүйлөгөн фермерлер Өмүрбек Бабановго 7% үстөк менен жеңилдетилген кредиттердин жана арзан ККМ берилишине ыраазычылык билдиришти.
Өз сөзүндө Премьер-министр Баткен облусунда Өкмөт ишке ашырууга белсенип турган бир катар милдеттерге токтолуп, алардын ичинде ирригациялык каналдарды реконструкциялоо, жаңыларын куруу маанилүү экендигин белгиледи.
Айыл чарбасындагы түшүмдүүлүктү арттыруу жана мал чарбачылыгын ийгиликтүү өнүктүрүү маселелерине кайрылып, Өмүрбек Бабанов Өкмөт ар бир облуста бирден үрөнчүлүк чарбасын түзүп, сапаттуу үрөн менен камсыздоого аракет кылып жаткандыгын айтты. Өзбекстандын Премьер-министри менен минералдык жер семирткичтерди Кыргызстанга арзаныраак баада алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгы маалымдалды.
Ө.Бабанов облустан ККМ контрабандалык жол менен кошуна мамлекетке сатылуусуна бөгөт коюу үчүн атайын Координациялык штаб түзүлгөндүгүн айтты.
“Бир айдын ичинде сезилээрлик жыйынтык болбосо штабдын курамы өзгөртүлөт. Бул маселеге чекит коюлмайынча ККМ контрабандасы үчүн жоопкер болгон облустук түзүмдөрдүн курамын ай сайын өзгөртүүгө да даярмын. Конфискацияланган ККМдин 70% ошол контрабандачыларды колго түшүргөн түзүмгө бериле турган болот”, - деди Ө.Бабанов.
Сөзүнүн аягында Премьер-министр өрүкзарлуу Баткенге келип турганга дайыма куштар экендигин айтты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү