17
Май
2012
Бүгүн, 16-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Ош облусунун Кара-Суу районунун жашоочулары жана активи менен жолугушту.
Өмүрбек Бабановдун сунушу менен жолугушуу суроо-жооп түрүндө өттү. Премьер-министр Өкмөт мүчөлөрү жана депутаттар жер-жерлердеги жагдай менен таанышуу, калк менен жолугушуу, көйгөйлүү маселелерди талкуулоо, селдин кесепеттеринен арылуу иш- чараларынын жүрүшү менен таанышуу максатында келгендигин айтты.
Суроолорго жооп берип жатып, Өмүрбек Бабанов Өкмөттүн жасаган иштерине жана келечекте жасалчу иш-чараларына токтолуп өттү. Билим берүү тармагындагы реформаларга токтолуп, бул негизде мектептерде окуу сааттары кыскартылаарын, мектептер окуучуларынын санын көбөйткөнгө кызыкдар болуу үчүн мугалимдердин айлык маянасын жумушунун көлөмүнө жараша төлөп берилээрин айтты. Ошондой эле Өкмөт мектепке чейинки бала бакчаларды курууну эң негизги планга коюуда.
Өмүрбек Бабанов транспорттук инфраструктуранын өнүгүшүнө токтолуп, Кытай-Өзбекстан-Кыргызстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу региондогу соода-экономикалык өнүгүүгө дем бере тургандыгын белгиледи.
Премьер-министр жакыр жашаган үй бүлөлөрдүн санын кыскартуу үчүн мамлекеттик микрокредиттик компания түзүлүп, калктын аялуу катмарына жеңилдетилген пайыз менен кредит берилээрин айтты. Өкмөт бул үчүн 1млрд. сом бөлүп берген.
Өкмөт башчысы укук коргоо органдарын реформалоо ачык-айкын жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Жолугушуунун катышуучулары чек арада жайгашкан райондордун көйгөйлүү маселелерине да кайрылышты. Өмүрбек Бабанов 2009-жылдан бери өткөрүлбөй келген кыргыз-өзбек Өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандандыруу маселеси Өкмөт тарабынан каралып жатканын билдирди. Анын отурумунда эки тараптуу актуалдуу карым-катнаш маселелери каралууга тийиш, анын ичинде чек арага жакын жайгашкан райондордун көйгөйлүү маселелери да каралат.
Премьер-министр улуттар аралык карым-катнаш, достук мамилелерди чыңдоого ар бир инсан өз үлүшүн кошууга тийиш деп баса белгиледи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү