16
Май
2012
Бүгүн, 14-майда, Кырыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Дуйнөлүк банктын Европа жана Орто Азиядагы вице-президенти Филипп Ле Уеру мырза жетектеген Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрүн кабыл алды. Жолугушууга вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, ДБ аймактык директору Сарож Кумар Джа, ДБ Кыргызстандагы офисинин башчысы Александр Кремер катышты.
Жолугушуу учурунда Кыргызстан менен Дүйнөлүк Банктын мындан аркы кызматташуусунун маанилүү маселелери каралды.
Өкмөт башчысы жолугушуунун катышуучуларына 2010-жылдагы апрель окуясынан кийинки өлкөдө бир топ өзгөрүүлөр болгондугун айтып, мамлекет парламентаризм институтун бекемдеп, демократия жолунда өнүгүп жаткандыгын баса белгиледи.
“Жүргүзүлүп жаткан реформаларды эл колдоого алган учурда гана ийгилик болот. Реформалардын негизги маңызы - калктын жашоо-турмушун жакшыртуу. Өкмөт мамлекеттин ушул жылдагы, жакынкы үч жылдагы жана узак мөөнөттүү өнүгүү планын бекитти. Алдыга коюлган максаттарды ишке ашырууга бардык күч-аракетибиз жумшалат”, - деди Ө.Бабанов.
Дүйнөлүк Банктын Европа жана Орто Азиядагы вице-президенти Филипп Ле Уеру ДБ Кыргызстан менен иштешүүгө кызыкдар экенин айтып, мындан ары да жардам, колдоо көрсөтө тургандыгын белгиледи.