22
Июнь
2012
21- июнда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районунун жашоочулары жана активи менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда Премьер-министр Өкмөттүн жүргүзгөн иши жөнүндө маалымат берди. Анын ичинде, экономикасы өнүккөн 44 өлкөгө визалык режим алынып салынгандыгы, бул Кыргызстанга туристтердин келишине жакшы мүмкүндүктөрдү түзөөрү, айыл-чарба, мал чарба жаатындагы өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу максатында ар бир облуста асыл тукум жана үрөнчүлүк чарбасын түзүү долбоору каралып жаткандыгы айтылды. Асыл тукум борборлору фермерлерди өз чарбасынын ишин жакшыртууга, мал башын көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.
Премьер-министр үй чарбасындагы малдын 90% пародалуулукка жетишкенде европалык деңгээлге чыкмакпыз деп белгиледи. Бул планды ишке ашырууга беш жылдай убакыт талап кылынат. Өкмөттүн ишинин ачык-айкын жүргүзүлүшү жарандардын ишеничи артышына өбөлгө болот.
Жолугушуунун жыйынтыгында Ө.Бабанов жыйындын катышуучуларынын суроолоруна жооп берди. Анын ичинде Ак-Талаа районуна бийик тоолуу район макамын берүү, мал чарба, өсүмдүктөрдү өндүрүүгө берилген жеңилдетилген кредиттин төлөө мөөнөтүн узартуу, социалдык мекемелерди, бала бакча, спорт комплекстерди куруу маселелери талкууланды.