03
Апрель
2012
Бүгүн, 3-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Монголиянын Президенти Цахиагийн Элбегдорж менен жолугушту.
Кадырлуу конок менен баарлашуу учурунда Өкмөт башчысы кыргыз тараптын Монголия менен ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
“Меймандос кыргыз жергесине атайын иш сапар менен куш келипсиз дегим келет. Ушул жыл кыргыз-монгол кызматташтыгынын мааракелик жылы - 20 жыл мурун Кыргызстан менен Монголиянын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөн болчу, Сизди ушул мааракебиз менен куттуктайм! Монголиянын экономикасы өтө тездик менен өнүгүүдө, сиздер менен кен байлыктарды иштетүү, кайра иштетүү өндүрүшү, айыл чарбасы, туризм жаатында тажрыйба алмашууга кызыкдарбыз”, - деди Ө.Бабанов.
Президент Цахиагийн Элбегдорж өз сөзүндө Кыргызстан менен Монголиянын байыртан келаткан достук карым-катнашы бар экендигин айтты.
“Кызматташтыкты өркүндөтүүгө жана бекемдөөгө жакшы дараметибиз бар. Эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы мамилелер жакшы өнүгүүдө. Биз эки тараптуу мамилелерди динамикалуу өнүктүрүүгө кызыкдарбыз”, - деди Монголия Президенти.
Жолугушуунун аягында тараптар кызматташтыктын келечеги жана азыркы абалы туурасында пикир алмашышты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү