04

Апрель

2012

Бүгүн,  4-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Түркиянын вице-премьер-министри Бекир Боздаг жетектеген түркиялык делегацияны кабыл алды. Жолугушуу учурунда Өкмөт башчысы бүгүн Бишкекте өткөн Кыргыз-түрк биргелешкен Өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташуу боюнча комиссиянын алтынчы отурумунун иши натыйжалуу болгондугун белгиледи. “Өкмөттөр аралык комиссиянын ишинин натыйжалуу болгондугуна ыраазычылык билдирип койгум келет. Анын жыйынтыктары мындан аркы кызматташтыгыбызды арттырууга өбөлгө болуп берээрине ишенем”, - деди Ө.Бабанов. Өкмөт башчысы кызматташуу чөйрөсүн кеңейтүүнүн зарылдыгына көңүл бурду. “Биз түрк бизнесмендеринин кызыгуусун туудура турган бир катар инвестициялык долбоорлорду иштеп чыктык. Биз аларды конкреттүү түрдө талкуулап, ишке ашыруу үчүн практикалык кадамдарды жасоого даярбыз”, - деди Ө.Бабанов. Тараптар жакын арада түрк ишкерлеринин тобу конкреттүү инвестициялык долбоорлорду талкуулоо максатында Кыргызстанга келе тургандыгы туурасында макулдашышты. Вице-премьер-министр Бекир Боздаг кыргыз тараптын жылуу кабыл алгандыгына жана меймандостугуна ыраазычылыгын билдирди. “Мен кыргыз жергесинде биздин делегация өзүн өз үйүндө жүргөндөй эле сезип жатканын ыраазычылык менен белгилеп койгум келет. Кол коюлган Кызматташуу келишими соода-экономикалык кызматташтыктын бекемделип, өлкөлөр ортосундагы бардык өз ара байланыштардын артышына кызмат кылат деп ишенем”, - деди Бекир Боздаг. Б.Боздаг өлкөлөр ортосундагы өз ара товар алмашуунун көрсөткүчтөрүн жогорулатууга дарамет бар экендигин белгиледи. “Биз Кыргызстан менен Түркиянын өз ара товар алмашуусунун жалпы кѳлөмүн 500 млн. долларга жеткирүүгө биргелешип аракет кылышыбыз керек. Бул көрсөткүчтү 1 млрд. долларга чейин жеткирүүгө дараметибиз бар”, - деп эсептейт Б.Боздаг. Түркиянын фице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов жетектеген жаңы Өкмөттүн ишине ийгиликтерди каалады. “Кыргызстан өз өнүгүүсүндөгү жаңы этапты башынан өткөрүп жатат. Биз Сиздин Өкмөтүңүздүн Кыргызстан элинин бакубаттуулугуна арналган пландарынын аткарылышына тилектештигибизди билдиребиз. Түркия мындан ары да Кыргызстандын өнүгүүсүнө кол кабыш кылып, колдоо көрсөтө бермекчи”, - деди ал. Жолугушуу учурунда Түркиядан инвестицияларды тартып келүү, макулдашуу-укуктук базаны жакшыртуу, өз ара кызыкдарлыкты жараткан чөйрөлөрдө тажрыйба алмашуу ж.б.маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык саясат бөлүмү