02
Февраль
2012
Бүгүн, 2-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов БУУнун Башкы катчысынын Атайын өкүлү Мирослав Енча менен жолугушту.
Өкмөт башчысы БУУга 2010-жылдын июнь окуяларынан кийин өлкөнүн түштүгүн калыбына келтирүү боюнча көрсөткөн жардамына жана колдоосуна ыраазычылык билдирди.
Ө.Бабанов бул жыл ири реформалардын жылы боло тургандыгын белгиледи. УКМКнын алдында Коррупцияга каршы кызмат түзүлгөндүгү, Финансы полициясын түп-тамырынан бери реформалоо жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди. Бул реформалар элдин жашоосун жакшыртууга багытталган.
«Мындан ары экономикалык кылмыштарды иликтөө Финансы полициясы тарабынан гана жүргүзүлө турган болот. Анын кызматкерлеринин саны 200 адамдан ашпайт, алардын бардыгы атайын комиссиянын чечими менен дайындалат жана кесипкөй кызматкерлердин арасындан тандалып алынат”, - деди Ө.Бабанов.
Премьер-министр экс-президент Роза Отунбаева БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун менен болгон жолугушуусу учурунда БУУ системасынын Ош шаарынын жанындагы Кең-Сай массивиндеги жаңыдан өздөштүрүлүп жаткан жерлерде инфраструктураны түзүү боюнча көмөк көрсөтүүнү сунуштагандыгын белгиледи.
«Азыркы тапта бул массивден 5 миңден ашык жарандарга жер тилкеси бөлүнүп берилди”, - деди Ө.Бабанов.
Энергетикалык тармактын өнүгүшүнө кайрылып, Өкмөт башчысы Кыргызстан бул тармактын потенциалынын 6% гана пайдаланып жаткандыгын белгиледи.
«Биз суу балансын эске алуу менен ири жана чакан гидроэлектростанцияларды курмакчыбыз. Кышында энергетикалык системабыз Кыргызстандын түндүк бөлүгүнүн керектөөлөрүн толугу менен канааттандыра албай калат. Ошондуктан, “Датка” көмөкчордонун куруу иштери башталууда”, - деди Ө.Бабанов.
Өз кезегинде, Мирослав Енча Өмүрбек Бабановду Премьер-министр кызматына шайланышы менен куттуктап, чың ден-соолук, ийгиликтерди каалады.
«Кыргызстандын Өкмөтүнүн алдында коррупция менен күрөшүү, укук коргоо органдарын реформалоо боюнча чоң милдеттер турат. БУУ Өкмөттүн элдин жашоосун жакшыртууга багытталган пландарын колдоого алат. Кыргызстанда өткөөл мезгил аягына чыкты, бийлик тынч жол менен өткөрүлүп берилди, республикадагы саясий абал турукташты. БУУ мындай көрүнүшкө кубанычта. Кыргызстанга зарыл болгон көмөк көрсөтүлөт”, - деп ишендирип кетти М.Енча.
Жолугушуу учурунда Кыргызстандын Дүйнөлүк Азык-түлүк программасы менен кызматташуусу, кесипкөй адистерди даярдоо, өлкөнүн Бажы союзуна кириши ж.б. маселелер боюнча да пикир алмашуу болду.
М.Енча КР Өкмөтүнүн саясатына тилектештигин билдирип, БУУнун жетекчилиги үчүн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жетекчилери тыгыз кызматташтыкта иштешиши маанилүү багыт экендигин белгиледи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү