05

Март

2012

Бүгүн, 5-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Катар Мамлекетине расмий иш сапары менен жөнөп кетти. Иш сапарынын жүрүшүндө Өкмөт башчысы бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрмөкчү, анын ичинде Катардын Эмири Шейх Хамад Бин Халифа Аль Тани, Катардын Премьер-министри, Тышкы иштер министри Шейх Хамад Бин Джасим Бин Джабер Аль Тани менен жолугушуусу пландаштырылууда. Ошондой эле иш сапарынын жыйынтыгында өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү