29

Май

2012

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов жетектеген расмий делегация 2012-жылдын 29-30-майында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Өкмөт Башчылар Кеңешинин отурумуна катышу үчүн Ашхабадга жөнөп кетти. Өкмөт башчысы КМШ Өкмөт Башчылар Кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы отурумдарына, жыйынтыктоочу документтерге кол коюу аземине катышып, ошондой эле КМШга мүчө өлкөлөрдүн расмий делегацияларынын жетекчилери менен жолугушуусу пландаштырылууда.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү