21

Февраль

2012

Бүгүн, 21-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Казакстан Республикасына жумушчу сапары менен жөнөп кетти. Эки күндүк жумушчу сапары учурунда Өкмөт башчысы кыргыз-казак сүйлөшүүлөрүнө катышып, ошондой эле бир катар расмий жолугушууларды өткөрө тургандыгы, анын ичинде – Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев, Казакстандын Премьер-министри Карим Масимов, “Самрук-Казына” улуттук бакубаттуулук фондусунун башкармалыгынын төрагасы Умирзак Шукеев менен жолугуша тургандыгы күтүлүүдө.  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү