14
Январь
Токтомдун негизги максаты 2013-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз учурунда жүргүзүү үчүн республиканын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү, мал чарбасын жана айыл чарбасындагы кайра иштетүүчү секторду андан ары өнүктүрүү.
Токтомдун негизинде Финансы министрлиги коммерциялык банктар менен макулдашууларды түзөт. Анын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн 5 коммерциялык банктары фермерлерге жеңилдетилген 10 пайыздык кредиттерди 1 жана 2 жылдык мөөнөткө берет. Бериле турган кредиттердин жалпы суммасы 3-4 млрд. сомду түзөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү