06
Июнь
Премьер-министр үч эм төрөгөн энеге жардам көрсөтүүнү тапшырды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев 4-июнда Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда үч эм төрөгөн Бактыгүл Камчыбек кызына тиешелүү жардамды көрсөтүүнү тапшырды. Премьер-министр Саламаттык сактоо министрлигине жана үч Өкмөттүн Социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө үч эм төрөгөн эненин абалынан кабар алып, тиешелүү жардам көрсөтүү тапшырмасын берди.
"Кыргызстандын негизги байлыгы адамдар. Биз алардын саламаттыгына кам көрүшүбүз керек. Үч эм төрөгөн эне бардык камкордукка алынышы зарыл”-деди Темир Сариев.
Ошондой эле Премьер-министр бул үй-бүлөгө өкмөт жардам көрсөтөрүн убада кылды.
Бактыгүл Камчыбек кызы бир уул жана эки кызды 4-июнда Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда төрөгөн.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү