23

Октябрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Д.Медведевге тик учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведевге Россиянын Ямал-Ненец автономиялык округунда тик учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты.

“Россия Федерациясынын Ямал-Ненец автономиялуу округунун аймагында тик учактын кыйрашынын натыйжасында көптөгөн курмандыктарга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам”, - деп айтылат Кыргызстандын Өкмөтүнүн башчысынын көңүл айтуусунда.

Сооронбай Жээнбеков курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көӊүл айтуу жана колдоо сөздөрүн жеткирип коюуну өтүнүп, жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалады.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын 

маалыматтык камсыздоо бөлүмү