28
Октябрь
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров жана Өкмөт мүчөлөрү ант беришти
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров жана Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынында ант беришти.
Өз элинин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында төмөнкү Өкмөт мүчөлөрү ант беришти:
Садыр Жапаров – Премьер-министр;
Артем Новиков – Биринчи вице-премьер-министр;
Максат Мамытканов - Вице-премьер-министр;
Равшанбек Сабиров - Вице-премьер-министр;
Эльвира Сурабалдиева - Вице-премьер-министр;
Бактыбек Аманбаев – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн АппаратЖетекчиси – министр;
Улан Ниязбеков – Ички иштер министри;
Кыялбек Мукашев - Финансы министри;
Марат Жаманкулов - Юстиция министри;
Санжар Муканбетов – Экономика министри;
Тилек Токтогазиев – Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;
Бообек Ажикеев – Өзгөчө кырдаалдар министри;
Алмазбек Бейшеналиев – Билим берүү жана илим министри;
Алымкадыр Бейшеналиев – Саламаттык сактоо министри;
Бакыт Бердалиев – Транспорт жана жолдор министри;
Нуржигит Кадырбеков – Маданият, маалымат жана туризм министри;
Камчыбек Ташиев – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Эрлис Тердикбаев – Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы;
Жыргалбек Сагынбаев - Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинини төрагасы;
Алтынбек Исмаилов - Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев чет өлкөдө иш сапарда болгондугуна байланыштуу ант берүү аземине катыша алган жок.
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 7-беренесине ылайык, Өкмөт мүчөлөрү өз иш милдеттерине киришип жатып, Жогорку Кеңеште Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда ант беришет.