14

Октябрь

2020

Премьер-министр Садыр Жапаров мамлекеттик кызматка жаңы кадрларды тартууну баштоо жөнүндө жарыялады

Мамлекеттик жана муниципалдык жарандык кызматка жаңы кадрларды тартуу жана люстрация процессин тездетүү максатында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров бир катар кадрдык чечимдерге кол койду. 


Премьер-министр Садыр Жапаров буйрукка кол койду, ага ылайык: 


- Аманбаев Бактыбек Абдилашимович (1969-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси – Министри милдетин аткаруучу болуп дайындалды; 


- Ниязбеков Уланбек Омоканович (1975-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды;


- Эгембердиев Аскат Раимжанович (1968-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды;


- Ашимбаев Сабыркул Абасович (1968-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;


- Бузурманкулов Айбек Мырзакеримович (1983-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;